И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети АКШ университеттери менен кызматташтыкты кеңейтет

11-06-2024
1102

2024-жылдын 10-июнунда И. Раззаков атындагы КМТУнун ректору Мичигандагы (АКШ) Кеттеринг университетинин профессору Жон Греттерди кабыл алды. Жолугушууда университеттер ортосундагы кызматташтык пландары, анын ичинде жаңы билим берүү программаларын жана долбоорлорун киргизүү маселелери талкууланды.

Кызматташуунун негизги демилгелеринин бири "Жаңы продуктуларды/ишканаларды түзүү" курсу болуп саналат, ал "Инновациялар жана ишкердик" багытынын алкагында 2024-2025-жылдары киргизилет.

Бул курс АКШ Өкмөтүнүн IDEAS программасы боюнча экинчи COIL грантын алды. Курстун негизги максаты — студенттерге продукт же кызматты чыныгы бизнес-моделге айландыруу үчүн зарыл болгон кадамдарды иштеп чыгууга жана эл аралык онлайн окутуу алкагында ар кайсы өлкөлөрдүн студенттери менен өз ара аракеттенүүгө мүмкүнчүлүк берүү.

Ошол эле күнү КМТУнун окутуучулары үчүн "Жаңы продуктуларды/ишканаларды түзүү" темасында квалификацияны жогорулатуу курсу өткөрүлдү. Курстун жыйынтыгы боюнча катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

2022-2023-жылдары КМТУ АКШ Өкмөтү тарабынан каржыланган Борбордук Азия университеттеринин өнөктөштүк программасы (UniCEN) долбоорун ишке ашырууга катышкан, анын координатору Кеттеринг университети болгон. Долбоордун жыйынтыктары:

  • "Инновация жана ишкердик" окуу курсун иштеп чыгуу.
  • Инновациялык борборлордун тажрыйбасын изилдөө.
  • Ишкерлер үчүн жаңы технологиялар жөнүндө билим алуу.
  • Ишкерлерди бириктирүү үчүн кызыкдар тараптарды тартуу жолдорун иштеп чыгуу.

COIL курсунун күтүлгөн жыйынтыктары:

  • Ар кайсы өлкөлөрдүн студенттери онлайн талкуулар аркылуу өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
  • Студенттер өз кесиптештери менен иштөө үчүн башка университеттердин жана өлкөлөрдүн студенттери менен иштөөкө багытталат.
  • Ар кайсы өлкөлөрдүн, маданияттардын жана тилдердин бизнес өнөктөштөрү менен иштөөнүн артыкчылыктары жана көйгөйлөрү аныкталат.

Гранттын координаторлору — Кеттеринг университетинин менеджмент мектебинин практика профессору Жон Греттер жана КМТУнун профессору, Эл аралык жогорку логистика мектебинин директору Акылбек Үмөталиев.

Галерея