IV Бишкек логистика форуму: Кыргыз Республикасынын логистика жана транспортту өнүктүрүү концепциясы – 2040

18-07-2024
695

2024-жылдын 17-июлунда И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде "Кыргыз Республикасынын логистика жана транспортту өнүктүрүү концепциясы – 2040" темасында IV Бишкек логистика форуму өттү. Иш-чарага логистика тармагындагы алдыңкы эксперттер, өкмөт өкүлдөрү, эл аралык адистер жана өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Форумду Президенттин администрациясынын алдындагы Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети уюштурду.

Форум салтанаттуу ачылыш жана куттуктоо сөздөрү менен башталды. Сөз сүйлөгөндөрдүн катарында Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендиев, Венгриядагы Мишкольц университетинин профессору Петер Тамаш жана АКШдагы Кеттеринг университетинин профессору Джон Кретер онлайн катышышты.

Куттуктоо сөздөрүнөн кийин катышуучулар пленардык докладдарды укту. Профессор А.С. Уметалиевдин Кыргызстан экономикасынын өнүгүшүндөгү логистиканын ролу жана Президенттин администрациясынын алдындагы Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун директору С.Т. Муканбетовдун "Кыргыз Республикасынын логистикасын өнүктүрүү концепциясы" долбоорунун негизги жоболору боюнча докладдары өзгөчө көңүлдү бурду.

Форум транспорттук логистиканын регионалдык байланышы, бажы процесстеринин санариптештирилиши жана Кыргызстандын темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү темалары боюнча докладдар сериясы менен уланды. Туруктуу камсыздоо чынжырчасы үчүн алдыңкы технологиялар, халал индустриясынын экспорттук потенциалы жана Россия Федерациясындагы логистиканы өнүктүрүү стратегиялык тенденциялары талкууланды.

Тыныгуудан кийин форумдун катышуучулары панелдик талкууларга катышып, 2040-жылга чейин Кыргызстанда логистика жана транспортту өнүктүрүүнүн келечеги жана негизги багыттары жөнүндө пикир алышты.

IV Бишкек логистика форуму тажрыйба жана билим алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп, Кыргызстандын логистикалык системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган стратегияларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берди. Форумдун катышуучулары заманбап технологияларды жана инновациялык ыкмаларды колдонуу зарылдыгын баса белгилешти.

Форумдун жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлүүчү резолюция кабыл алынды. Катышуучулар биргелешкен аракеттер аркылуу "Кыргыз Республикасынын логистика жана транспортту өнүктүрүү концепциясы – 2040" долбоорунда коюлган максаттарга жетүүгө ишеништи.

Катышуучулар жана уюштуруучуларга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз жана келечекте да жемиштүү кызматташтыкты күтөбүз.

Галерея