И.Раззаков атындагы КМТУда Кыргыз-Венгер билим берүү борбору ачылды

27-11-2024
332

И.Раззакова атындагы КМТУда 2024-жылдын 25-ноябрында Эл аралык логистика жогорку мектебинде «PANNONIA» Кыргыз-Венгер билим берүү борборунун салтанаттуу ачылышын өткөрдү. Бул иш-чара Кыргызстан менен Венгриянын билим жана илимий байланыштарын чыңдоодо, студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы перспективаларды ачууда маанилүү этап болуп эсептелди.

Ачылыш аземи И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору - Чыныбаев М.К., Эл аралык логистика жогорку мектебинин директору – профессор Уметалиев А.С., Мишкольц университетинин (Венгрия) доктор профессор Питер Тамаш катышуусунда өттү. Жаңы борбор университеттин билим берүү инфраструктурасынын маанилүү элементи болуп калат жана эл аралык кызматташууга багытталгандыгы жана лидерлик потенциалы бар жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо менен белгилүү болгон Эл аралык логистика жогорку мектебинин алкагында иштейт.

Борбордун ишинин негизги багыттарынын бири эки дипломдуу магистратура программасын ишке ашыруу болуп саналат, анын алкагында студенттер бир эле учурда КМТУнун жана Венгриянын Мишкольц университетинин дипломун ала алышат. Дагы бир маанилүү аспект - студенттер менен окутуучуларга тажрыйба алмашууга, биргелешкен илимий долбоорлорго катышууга, ошондой эле Венгрияда окуу жана стажировкадан өтүү мүмкүндүк берүүчү академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү.

Борбор биргелешкен билим берүү программаларын жана илимий изилдөөлөрдү уюштурат. Борбордун ишинин маанилүү бөлүгү Венгриялык эксперттердин катышуусу менен семинарларды, конференцияларды жана мастер-класстарды өткөрүү болуп саналат, бул билим жана тажрыйбаны сапаттуу алмашууну камсыз кылат.

Эл аралык логистика жогорку мектебинде Кыргыз-Венгрия билим берүү борборунун ачылышы Кыргызстан менен Венгриянын билим, илим жана инновация чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки тараптуу байланыштарды тереңдетүүдө олуттуу кадам болуп саналат.

1 2 3 4 5

Галерея