Профессор Питер Тамашка И. Раззаков атындагы КМТУнун ардактуу профессору наамы ыйгарылды

29-11-2024
397

2024-жылдын 25-ноябрында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окумуштуулар кеңешинде Мишкольц университетинин (Венгрия) профессору доктор Питер Тамашка КМТУнун ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

Сыйлык тапшыруу аземи КМТУнун жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы, ошондой эле Венгриядан келген ардактуу коноктордун катышуусунда университеттин окумуштуулар кеңешинин салтанаттуу жыйынынын алкагында өттү.

Техникалык жана илим тармагындагы көрүнүктүү жетишкендиктери менен таанылган профессор Питер Тамаш бул наамга Кыргызстан менен Венгриянын илимий жана билим берүү тармагындагы байланыштарын өнүктүрүүгө кошкон көп жылдык салымы, ошондой эле КМТУ менен активдүү кызматташуусу үчүн ыйгарылды.

Профессор Питер Тамаш - өз тармагында таанылган эксперт, көптөгөн илимий басылмалардын жана изилдөөлөрдүн автору. Акыркы жылдары Мишкольц университети менен КМТУнун ортосундагы академиялык алмашууну жана кызматташууну активдүү колдоп, биргелешкен билим берүү программаларын, анын ичинде магистратура курстарын жана кош дипломдук программаларды иштеп чыгууга катышкан.

Профессор Питер Тамашка КМТУнун ардактуу профессору наамынын ыйгарылышы эки университеттин жана өлкөнүн ортосундагы илимий жана билим берүү байланыштарын чыңдоодо маанилүү окуя болду. Профессор өз сөзүндө анын эмгегине берилген жогору баа үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн жогорку квалификациялуу адистерин даярдоого жана илимдин өнүгүшүнө салым кошуп, КМТУ менен мындан ары да кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин белгиледи.

Галерея