Эл аралык адистештирилген көргөзмө KyrgyzTransLogistic 2024, 29-31-октябрь

03-11-2024
162

Кыргызстанда биринчи жолу КыргызTransLogistic 2024 Эл аралык адистештирилген көргөзмөсү 29-31-октябрга чейин өтту. Ага И.Раззаков атындагы КМТУнун Эл аралык логистика жогорку мектеби катышкандыгын кубаныч менен кабарлайбыз. Бул уникалдуу иш-чара алдыңкы адистерди, эксперттерди жана транспорт жана логистика тармагында кызмат көрсөткөн 5 өлкөдөн 40тан ашык компаниялардын өкүлдөрүн чогултту.

Иш-чарага: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Н.К.Малаев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары А.А.Тургунбаев, Борбордук Азиядагы транспорт жана логистика боюнча өнөктөштүктүн төрагасы Л.П.Кислякова, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү Эсеналиев А.Б., «Алкан Базары» ААКнын негиздөөчүсү Алканов Ч.Р., «Кыргыз Темир Жолу» ААКнын өкүлү Усубакунов Д.А., Кыргыз Республикасынын Эл аралык экспедиторлор ассоциациясынын төрагасы И.С.Голубев , “Кыргыз Экспорт” өнүктүрүү жана экспортту илгерилетүү борборунун өкүлү Такиров У.К.катышышты.

Биздин стендде биз логистикалык технологиялар чөйрөсүндөгү өнүгүүлөрдү тартууладык, ошондой эле тармактын учурдагы тенденцияларын жана көйгөйлөрүн талкууладык. Мугалимдерибиз көргөзмөгө келгендерге өздөрүнүн тажрыйбасы жана билими менен бөлүшүштү. Бизнес өкүлдөрү жана башка окуу жайлары менен жаңы байланыштарды түзүп, кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулай алганыбыз өзгөчө жагымдуу. Бул биз үчүн өнүгүүнүн жаңы перспективаларын жана мүмкүнчүлүктөрүн ачат.

Бул иш-чара транспорт жана логистика тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоого жана пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түздү.

Өз сөзүндө Эл аралык жогорку логистика мектебинин директору Уметалиев А.С. логистика боюнча квалификациялуу кадрларды даярдоо билимди, практикалык окутууну жана үзгүлтүксүз өнүгүүнү камтыган комплекстүү мамилени талап кылаарын баса белгиледи. Окутуунун маанилүү бөлүгү практикалык окуу болуп саналат. Ал белгилегендей, ЭАЖЛМ Бишкек шаарынын мэриясы менен тыгыз кызматташат.

ЭАЖЛМ студенттери шаардагы жол тыгындарын талдоо жана тыгындын пайда болушуна шарт түзгөн факторлорду аныктоого багытталган изилдөөлөргө активдүү катышты. Жыйында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кызыгуусун жаратып, транспорттук инфраструктураны жакшыртуу боюнча диалогдун башталышына өбөлгө түзгөн жыйынтыктар чыгарылды.

ЭАЖЛМ доценти А.А.Кыдыковдун “Бир алкак, бир жол” программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын эл аралык транспорт коридорлорун бириктирүү” темасында доклады катышуучулардын кызыгуусун жаратты.

Ошондой эле 2-курстун студенттери Акылбекова А.Н., Орозбаев Т., Батырканов Ч., Жусумамбетова А., Төлөгөнов А., Тункатарова К., 3-курстун студенттери Жеппаров Э., Косторубов Д. транспорт жана логистика тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча өз ойлорун айтышты.

Биздин стендге келгендердин баарына ыраазычылык билдиребиз жана мындан аркы кызматташууну күтөбүз (Көбүрөөк маалымат @kgtu_logistica социалдык тармагында)

Галерея