И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) делегациясы 13-18-декабрь күндөрү Дубай шаарында өткөн Глобалдык жаштар конференциясына (GYC UAE 2024) катышты!
Конференциянын темасы: “Келечекти багыттоо: Туруктуу жана тынч дүйнө үчүн жаштар жетектеген чечимдер”.
Делегациянын составында:
Делегаттар панелдик талкууларга, семинарларга жана глобалдык чакырыктарды талкуулоого активдүү катышты: климаттын өзгөрүшүнөн жасалма интеллектти өнүктүрүүгө чейин.
КМТУнун командасы Enactus КМТУнун долбоорлорун сунуштады, жаштар менен иштөө тажрыйбасы менен бөлүштү жана лидерликти, тынчтык орнотууну жана инновациялык технологияларды бекемдөө боюнча чечимдерди сунушташты.
Ошондой эле, биздин өкүлдөр маданий алмашууга катышышты: алар кыргыздын салттуу кийимдерин көрсөтүштү, мамлекеттик тууну тартуулашты жана Кыргызстандын улуттук каада-салттары жөнүндө сүйлөшүштү!
КМТУ эл аралык аренада жаштардын лидерлигин илгерилетүү менен сыймыктанат!