Эл аралык жогорку Логистика мектебинин студенттери борбордук азиядагы биринчи чиркей фермасын көрүп келишти!

10-04-2025
93

Бүгүн биздин биринчи курс @cricket.kg — борбордук азиядагы биринчи чиркейлерди өстүрүү фермасына экскурсияга барышып, бүтүн өндүрүштү көрүп, бул бизнес эмнеликтен ушунчалык перспективалуу экенин билишти. Ферманын жетекчиси @gaparovadil Адыл Гапаров чиркейлердин тамак-аш өнөр жайындагы пайдасы, экологиялык тазалыгы жана 70% жакын белокту камтыганы тууралуу баалуу маалыматтарды бөлүштү.

💬 Студенттердин таасирлеринен: 📌 «Жөн эле керемет болду! Чиркейлерде көп белок бар экенин билүү кызыктуу болду, жана аларды өстүрүү процесстин өзү да абдан кызык. Бишкекте мындай ферма бар экенин жана бул бизнес жакшы киреше алып келиши мүмкүн экенин күтпөгөн элем. Өндүрүлгөн продукт да даамдуу болуп чыкты, алгач кадимкидей болбосо дагы!»

📌 «Чын эле супер болду, куурулган чиркейлердин даамы кургатылган нандай экен!»

📌 «Абдан жакшы, биринчи жолу мындайды көрдүм!»

📌 «Чиркей фермасы башында кызыксыздай сезилет, бирок чындыгында баары жакшы ойлонулган: таза шарттар, туура азык, өзгөчө кам көрүү. Бул жугары белоктуу жаныбарлар экологияга да пайдалуу. Алардын жашоо циклин көрүү жана бул бизнеске эмнеликтен көп эмгек кетерин түшүнүү кызыктуу болду!»

Мындай сапарлар студенттерге бизнеске жаңы көз караш менен карап, дүйнө көз карашын кеңейтүүгө жана экология жана тамак-аш тармагындагы инновацияларды түшүнүүгө жардам берет. @cricket.kg жана @gaparovadil Адыл Гапаровго бардык нерсени өз көзүбүз менен көрүүгө мүмкүнчүлүк бергендер үчүн ыраазычылык билдиребиз! 🙌✨

Галерея