2025-жылдын 2-апрелинде Астана шаарында Королдук Логистика жана Транспорт Институтунун (CILT) Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгү жана Казакстандын Ковентри университети тарабынан уюштурулган “Next Generation Youth Forum 2025” жаш логисттердин форуму болуп өттү.
Мында Эл аралык логистика жогорку мектебинин 3-курсунун студенттери Кадыркулов Эрк, Кусеинова Бегайым, Кошконбаев Темирлан ЭАЛЖМдин доценти Батырбекова Ж.К нын жетекчилиги менен катышты. Форум төмөнкү форматта уюштурулду:
Жаш Логисттердин форумунун негизги максаты - логистика жана транспорт тармагындагы жаш адистер жана студенттер арасында кесиптик өсүү, тажрыйба жана идеяларды алмашуу үчүн аянтча түзүү болгон.
CILT Борбордук Азиянын президенти Игембаев Нурлан жана Казакстан мамлекеттик университетинин президенти Мирас Дауленов куттуктоо создорун айтышты.
Университеттердин ортосундагы сынак билимди жана көндүмдөрдү көрсөтүүгө, ошондой эле кесиптик байланыштарды түзүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк болду. Мелдешке 11 команда катышты. Алардын арасында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрдөн командалар катышты.
Биздин студенттер да логистика тармагындагы билимдерин көрсөтүп, кейс маселесин чечип, викториналык суроолорго жооп беришти. Студенттер үчүн бул баалуу тажрыйба жана катышуу аркылуу эбегейсиз билимге, көндүмгө ээ болуу мүмкүнчүлүгү болду.
Ошондой эле форумдун алкагында катышуучулар үчүн Казпочтага экскурсия уюштурулду. Казпочта Казакстан Республикасынын почта оператору жана улуттук инфраструктуранын негизги элементтеринин бири болуп саналат.
Казпочта өкүлдөрү студенттерге АК «Казпочта» почта, каржы, брокердик, агенттик жана электрондук кызматтардын кеңири спектрин көрсөтөөрүн айтышты. АК «Казпочта» Казакстандын дээрлик бүт аймагын камтыган өлкөдөгү эң ири филиалдык тармакка ээ. Почта тармагы электрондук коммерцияны, транспорттук-логистикалык кызматтарды, бизнес жана калк үчүн финансылык кызматтарды илгерилетүүнүн эффективдүү куралы болуп саналат.
Форум «Next Generation Youth Forum 2025» Казакстанда жана Борбордук Азияда логистикалык индустриянын өнүгүшүнө салым кошкон маанилүү окуя болду.