2021-жылдын 18-20-майында Кыргыз Республикасы Женева шаарындагы Дүйнөлүк Соода Уюмунун штаб-квартирасында соода саясатына сересеп салуу боюнча өзүнүн үчүнчү отчётун (мындан ары-ССС) тапшырды.
Ушул жылы негизги министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрүнөн турган Кыргыз Республикасынын делегациясы онлайн форматтагы сурамжылоого катышып, 2013-жылдан баштап 2019-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын Соода саясаты тармагындагы акыркы өзгөртүүлөрдү жана жетишкендиктерди БСУнун мүчө-өлкөлөрүнө көрсөтүү үчүн катышты.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, ушул жылы негизги министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрүнөн турган Кыргыз Республикасынын делегациясы онлайн форматтагы сурамжылоого катышып, 2013-жылдан баштап 2019-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын Соода саясаты тармагындагы акыркы өзгөртүүлөрдү жана жетишкендиктерди ДСУнун мүчө-өлкөлөрүнө көрсөтүү үчүн катышты. Кыргыз Республикасынын делегациясын Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары С.М. Рысалиев жетектеди.
ДСУ соода саясатына сересеп салуу боюнча органдын жыйынында өлкөнүн соода саясатына сересеп боюнча эки отчёт паралелдүү каралды: КРӨнүн 2021-жылдын 5-апрелиндеги №85-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчёту жана ДСУ Катчылыгынын отчёту.
Жогоруда аталган Серептин алкагында ДСУга мүчө 11 өлкө кат түрүндө 160 ашык суроолорду беришти, алардын көпчүлүгүнө Кыргыз Республикасы жазуу түрүндө жооп берди. Мүчө-өлкөлөрдүн суроолорунда соода жана инвестициялык саясаттын кеңири чөйрөсү, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар козголду.
Мүчө өлкөлөр Кыргызстанды өнүктүрүүнүн негизги программаларына көңүл бурушту. Биринчи кезекте - 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы. Аталган документ боюнча бардык кызыкдар тараптар көтөрүлгөн проблемалуу маселелерди чечүү жолдорун кеңири түшүндүрүү менен суралган маалыматты алышты. Ошондой эле, Экспортту өнүктүрүү программасы тууралуу суроолор да берилди.
Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болгон бир катар мамлекеттер КНСтен бошотуу жана айыл чарба жана башка обочолонгон тармактарды жеңилдетилген насыялоого байланыштуу, бул мамлекеттик колдоо иш-чараларынын Дүйнөлүк соода уюмунун стандарттарына шайкеш келиши жагынан өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга байланыштуу аспектилерге кызыгуу туудурду. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасы ДСУнун мүчө-өлкөлөрүнө мамлекеттик колдоо боюнча бардык чаралар БСУнун эрежелеринде белгиленген ченемдердин алкагынан чыкпайт деп ишендирди.
Мындан тышкары, ДСУга мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүгүнүн көңүлү Кыргыз Республикасы үчүн келечектүү кен казуу, энергетика жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү сыяктуу секторлорду өнүктүрүүгө бурулган.
ДСУга мүчө-өлкөлөр Кыргыз Республикасынын соода режимин либералдаштырууга багытталган бардык аракеттерди жана демилгелерди оң жагынан баалашып, соода мамилелерин андан ары чыңдоого кызыкдар экендигин билдирип, COVID-19дан кийин экономиканын эртерээк калыбына келишин каалашты.