"Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү тобокелдиктерди азайтуу механизми"

06/08/2020
2062 | 0 | 13
Ширдакова Гулнур Туратбековна
Илимий - изилдөө иш

Кыскача маалымыт

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча сунуштар катары төмөнкүлөргө көңүл буруу сунушталат:

  • 1. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды андан ары өркүндөтүү, анын ичинде "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" жана "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын чечмелөө жана колдонуу;
  • 2. Мамлекеттик сатып алуулар тутумун, казыналык, салык жана бажы түзүмдөрүн автоматташтырууну улантуу;
  • 3. Мамлекеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жаатында фискалдык жана укук коргоо органдарынын макулдашылган аракеттери;
  • 4. Мамлекеттик сатып алуулар процессине катышкан кадрларды үзгүлтүксүз окутуу, сатып алуулар боюнча адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, жөнөтүүчүлөрдү окутууга өзгөчө көңүл буруу.

Мамлекеттик сатып алуулардагы тобокелдиктердин алдын алуу жана коррупциялык схемаларды жоюу боюнча бул иш-чаралар мамлекеттик кызматчынын гана эмес, ошондой эле бизнес өкүлдөрүнүн, чет өлкөлөрдүн топтолгон билимин жана тажрыйбасын патриоттук рухта көтөрүү менен коштолушу керек экендиги айдан ачык.

Мазмуну

Киришүү

Болум 1. Мамлекеттик сатып алуулар тутумундагы орун алган тобокелдиктерге сереп(жалпы көрүнүш)

  • 1.1 Мамлекеттик сатып алуулар тутумундагы алдамчылык жана сөз байлоо
  • 1.2 Сатып алуулар чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык тажрыйбасы

Болум 2. Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуулардагы коррупциянын деңгээлин баалоо

  • 2.1 Мамлекеттик сатып алуулардын коррупциялык компоненти жана Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугу
  • 2.2 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык коррупциялык схемалардын алдын алуунун укуктук негиздери

Болум 3. Мамлекеттик сатып алууларда коррупцияга каршы методдорду өркүндөтүү

  • 3.1 Мамлекеттик сатып алуулардагы тобокелдиктердин алдын алуу боюнча методикалык мамилелер
  • 3.2 Электрондук сатып алуулар коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүчү фактор катары

Корутунду

Колдонулган адабияттардын тизмеси